15-16-февралда Бишкекте "Ишенимди, тынчтыкты жана ынтымакты кайтарууда аялдардын ролу" аттуу улуттук кеңешме өтмөкчү. Бириккен Улуттар уюмунун аймактык кеңсеси уюштурган бул иш-чара Кыргызстанда этностор аралык өнүгүүнү жана ынтымакты камсыз кылуу боюнча мамлекеттик концепция иштеп чыгууга көмөктөшүү максатын көздөйт. Улуттук кеңешмеге Кыргызстандагы аялдар кыймылынын активисттери, жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.