Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Вашингтон Иранды тынч митингдерге уруксат берүүгө чакырат


Ай үйдүн жогорку даражадагы аткаминери араб чөлкөмүндөгү көтөрүлүштөрдөн кийин расмий Тегеран өлкөдөгү оппозициялык топторго нааразылык митингдерин өткөрүүгө уруксат бербей жаткандыгын сындады.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Том Донилон өз билдирүүсүндө "Иран өкмөтү оппозициялык митингдерге уруксат бербөө аркылуу египеттиктер өз каалоосу менен жеткен жеңиштерди ирандыктарга мыйзамсыз нерсе катары көрсөтүүнү кааларын көргөздү", деп айтты. Ал ошондой эле иран өкмөтү ирандыктардын "тынч мүнөздө чогулуу, митинг өткөрүү жана баарлашуу укугун" эстен чыгарып койгонун сындады.

Ирандын оппозициялык лидерлери 14-февралда Тунис менен египеттиктерге тилектештик билдирип, митингге чыгууга бийликтен уруксат сураган. Бирок иран бийлиги аны "мыйзамсыз" деп четке каккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG