Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Орусияга баратат


Бүгүн Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Наванетем Пиллай айымдын Орусиядагы алты күндүк иш сапары башталат. Д. Медведев жогорку комиссарды 15-февралда кабыл алаарын орус президентинин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууларда адам укуктарынын сакталышындагы түрдүү көйгөйлөр: басмырлоо, аялдардын укугу, миграция жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары тууралуу сөз болот. Жогорку комиссар Орусиянын тышкы иштер, ички иштер, юстиция министрлери, башкы прокурор жана Жогорку Соттун төрагасы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму президент Дмитрий Медведевди Орусиядагы адам укуктарынын абалын жакшыртууда көзгө урунаарлык иш-аракет көрө албай жатат деп сындаган.

XS
SM
MD
LG