Египеттин аскерий өкмөтү парламентти таратып, конституцияны убактынча токтотту. 13-февралда өкмөттүк телеканаладан окулган билдирүүгө караганда, Жогорку Аскерий Кеңеш бийликте алты ай же шайлоого чейин калат. Египеттин азыркы парламентинде жума күнү тактыдан куулган президент Хосни Мубаракка ишенимдүү Улуттук-демократтык партия үстөмдүк кылчу. Оппозициянын өкүлү Айман Нури жаңы аскерий жетекчиликтин кадамын “ынкылаптын жеңиши” деп атады жана бул чара Каирдин Тахрир аянтынан кетпей отурган элди канаатандырыш керек деген пикирин айтты.