Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Санпа окуясы боюнча сот эртең уланат


Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанындагы адам өлтүрүү, башаламандык уюштуруу боюнча Сузак райондук соту чыгарган чечимге нааразы тараптын апелляциялык арызы Жалал-Абад облустук сотунда каралууда. Буга чейинки соттук жараянда күбө катары Сузак айыл өкмөт башчысы Арстан Сариев жана Атабеков айыл өкмөт башчысы Улукбек Хажиматов көрсөтмө беришти. Мындан сырткары мурда суралбай калган жабырлануучулар жана соттолуучулардын күбөлөрү суралган. Жабырлануучулардын жана соттолуучулардын адвокаттары бул окуя боюнча облус губернатору Бектур Асановдун, июнь коогалаңы тушунда облуста коменданттык кылган, азыркы баш прокурор Кубатбек Байболовдун көрсөтмө берүүсүн талап кылышып, бул боюнча сотко өтүнүч келтиришкен.

2010-жылдын 13-июнунда Сузак районундагы пахта иштетүүчү Санпа заводунун жанына 500 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. 16 адам оор жаракат алган, он чакты автоунаа өрттөлгөн. Бул иш боюнча он тогуз кишиге айып тагылып, Сузак райондук соту тарабынан алардын он жетиси өмүр бою, калган экөө 25 жылдан эркинен ажыратылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG