Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Парламент комитети Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорун карайт


Жогорку Кеңештин адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүк жана коомдук бирикмелер комитети Акыйкатчы тууралуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин талкуулайт. Комитет төрагасы Дастан Бекешевдин маалыматы боюнча, өзгөртүүлөр Акыйкатчы институтунун макамы жана аткаруучу иштерине жана ошондой эле Кыргызстандын Акыйкатчысын шайлоо жараянына да киргизилет. Комитет төрагасынын белгилешинче, Акыйкатчыга талапкердин жаш курагына да өзгөртүү киргизилет. Акыйкатчы тууралуу мыйзамда аталган институтту 35 жаштан улуу, 65 жаштан төмөнкү курактагы жаран жетектей аларына жол берилип келсе, жаңы мыйзам долбоорунда 25 жаштан 60 жашка чейинки жаран Акыйкатчы боло алат.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту 2002-жылы түзүлүп, алгачкы жетекчиси –Турсунбай Бакир уулу болгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG