Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Жаза аткаруучу жайлардагы реформага байланыштуу жыйын болот


Иш-чараны «Жарандар коррупцияга каршы» коомдук уюму уюштурууда. Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын «Азаттыкка» билдиришинче, апрель окуясынан кийин түрмөлөрдө абал турукташты. Эл аралык уюмдардан жаза аткаруучу жайлардагы кургак учукту дарылоо, СПИД илдети менен баңгиликке каршы күрөшүүдө кыргыз өкмөтүнө жардам берүүдө. Т. Исмаилованын айтуусунда Кыргызстандагы түрмөлөрдү реформалоо боюнча беш жылдык стратегиялык план даярдалып атат, аны ишке ашырууга да бир катар эл аралык уюмдар көмөктөшмөкчү.

2010-жылдын алгачкы жарым жылына чейин Кыргызстандагы жаза аткаруучу жайларда өмүр бою эркинен ажыратылган 124 адам кармалып турган, июнь коогалаңынан кийин бул көрсөткүч дагы 40 кишиге көбөйгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG