Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Ашхабад, Ташкент америкалык конокторду күтүүдө


АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча орун басары Роберт Блейк 14-19-февралда мекемелер аралык топту баштап Түркмөнстан жана Өзбекстанда болот. Делегациянын курамына АКШнын ири компанияларынын өкүлдөрү кирген. Блейк Ашхабадда шаршемби күнү Жылдык эки жактуу кеңештин ишин жетектеп, өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен кездешет. Ушундай эле форум жана кездешүүлөр 17-18-февралда Ташкенде да өтөт. Жума күнү Өзбекстан-АКШ ортолук бизнес жыйын болот. Вашингтон Борбор Азия мамлекеттери менен Жылдык эки жактуу консултацияларды 2009-жылдан баштап өткөрө баштаган. Анда эки жактуу мамилелер, анын ичинде стратегиялык кызматташуу, адам укуктары, экономикалык жана регионалдык проблемалар талкууланат.

XS
SM
MD
LG