Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Сокулук РИИБинин башчысы кызматтан алынышына нааразылар жол тосту


Бүгүн Сокулукта аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рыскул Жапаркуловдун кызматтан алынышына байланыштуу жүздөн ашуун киши Ош-Бишкек жолун бир сааттай бууп турду. Нааразылык акцияга чыккандардын бири Айдар Сейталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жол тоскондорго Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы келип маселе чечилерин айткандан кийин жол тоскондор эртең саат 9дарда кайра чогулуу үчүн тарап кетти. Такталбаган маалыматка караганда, азыр ИИМде ротация жараяны башталды, ага ылайык облустук жана райондук тартип коргоо органдарынын башчылары которулуштуралат. Бул уюшма кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн жүргүзүлүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG