Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Оштун кайып кыздары: Нафиса


Насифа Алимжанова, жоголгондогу сүрөт.
Насифа Алимжанова, жоголгондогу сүрөт.

"Оштун кайып кыздары" түрмөгүбүздө өткөн жолу 16 жаштагы Каниет деген кыргыз кыздын тагдыры менен тааныштырган элек. Бул ирет июн коогасында зордукталып, атып өлтүрүлгөн, сөөгү көп айлардан кийин табылган Нафиса Алимжанованын окуясын сунуштайбыз.

Ош шаарынын тургуну, 28 жаштагы Нафиса Алимжанова былтыр 16-июн күнү үйүнө кол салгандар зордуктап, кыргыздарга алмаштырабыз деп алып кеткенден бери жоголуп жаткан.

Эмчекте баласы калган келиндин сөөгү көп айдан кийин гана табылды.



Өлгөн келин, өчкөн коломто

Оштун Зайнабидин көчөсүнүн бир ыптасы төрт кабат үйлөр, экинчи жагы жер үйлөр. Мен издеген үй жер там болуп чыкты. Дарбазасы жок короодо жумушчулар жаңы үйдүн дубалын бышкан кирпичтен коюп жатышты. Короонун төрүндө узатасынан кеткен эски үй. Алдында күйгөндөн калган устундар додо болуп жатат.

Бул үй былтыр 16-июн күнү өрттөнүп кеткен. Анда жашаган келиндин сөөгү көп айдан кийин табылды.

Нафиса Алимжанова «Кылым шамы» уюму түзгөн июн коогасында курман болгондордун тизмесинде 42-номурда катталган.

Азыр бул үйдүн бир тарабы бүтүп, дарбазасы ар кошкон тактай менен тосмолонуп турат. Кыштын узак түндөрүндө үйдө кээде жарык күйүп калат, бирок көбүнчө эшиги кулпуланып, жабык. Бул үй дайым эле минтип мазар болгон эмес.

Эки жылча мурда бул үйдө келин алышып, той беришкен, жубайлар кыздуу болуп, кары бар үйдүн куту бар демекчи, энеси кашында, эл катары күн көрүшкөн. Июн коогасы бул чакан бүлөнүн күлүн көккө сапырып, азыр анда бир кишинин кокойгон башы калды.

Жумушчулар жаңсап көрсөткөн Мутабар Юсупова менен алгач коогада үйсүз калгандардын лагеринде жолугуп, бул жакка чогуу келгенбиз. Ал үйү өрттөнүп кеткен агасына каралашып, жумушчуларга тамак бышырып жүрдү.

Орто жашап калган аял мага агасы Юсуф өзүнөн эки жаш улуу экенин, беш

Юсуф короосунда карындашы Мутабар менен, октябр, 2010-жыл.

бир тууган экендиктерин айтып жатты:

- Аты Юсуф 1964-жылкы, ошондо кырк алтыга чыкты. Беш бир тууганбыз, төрт эркек, бир кыз. Агалары жардам берип жатышат.

Мутабар кайра бурулуп, жумушчулардын ишине үзүлүп түшүп деле көз салбаган агасына аягандай карады. Анын кеч үйлөнгөнүн, энесинен ажыраган кызын эми өзү кудагыйы менен оолашып багып жатканын божурады.

Карайлаткан каран күн баяны

Мутабар жүрөктүн үшүн алган окуяларды кадыресе окуяны айтып жаткандай басыңкы үн менен айтса, ал мага тагдырына моюн сунуп калган адамдай сезилди. Өзбекче айтканын түшүнбөй калсам, чыдамкайлык менен кайра кайталап, сүйлөп жатты.

Өрттөлүп кеткен үйдө агасы Юсуф келинчеги Нафиса, энеси менен турчу. Коогада бул тараптан элдин көбү качып кетет. Тарткылык экен, согуш эми бүттү деп Юсуптар үйүндө кала берет.

Бир күнү түштөн кийин үйгө аскер кийимчен, автоматчан 20 чакты киши кол салат. Мутабар Юсупова:

- Булар 16-июнь күнү бизге тийбейт деген ойдо, үйдө калышкан. Автобатальон, Зайнабидинов көчөсү 176-үй. Апам, келиним, акамдар үйдө калган, жээним бешикте. Уруштан кийин, 16 июнь күнү, дарбазаны ачып, кирип келишкен. Юсуфту сабап, башы ташка тийген. Энем балдарыма тийбе деп чыңырат. Агамды кийин коңшулар качырган экен.

Юсуф айбан да кылбаган ишти башынан өткөрөт - кол салгандар алмончоктой келинчегин анын көзүнчө зордукташат:

- Келинибизди чечиндирип, зордуктап, ар нерселерди кылышкан. Агамдын көзүнчө зордукташкан. Кийин аны штабка алып барабыз деп алып чыгып кетишкен. Канга чыланган ыштандарын, тапичкелерин дааратканадан таптык. Кыйкыра берип, нес болуп калган экен. Коңшуларыбыз да айтып жатышат.

Зайнабидинов көчөсүндө жер тамдарда көбүнесе өзбектер жашайт. Бул окуя болгон күнү мында дагы эки үй өрттөлгөн.

Юсуфка кыргыз коңшулары жардамга келишет, бирок алар кол салгандарды токтото албайт.

- Жакшы бир-эки кыргыз коңшу балдар бар, ошолор телефон чалыптыр. Алар келип, урбагыла десе, "силер эмне сарттарга болушасыңар" деп, алардын бир-экөөсүн да урушуптур. Сырттан келгендер, аскердик (военный) формада, ак көйнөк, бардыгы башын байлап алышкан, баары маскачан. (Нафисаны) алып кеткенден кийин үйдү өрттөшкөн.

Коңшулар милиция чакырышат, бирок алар болоору болуп, боёосу кангандан кийин гана келишет:

- Милиция чакырган, бирок алар (баары) бүткөндөн кийин келген. Тез жардам апамы ооруканага жеткирген, жээнимди алып, аны балдар үйүнө тапшырышкан. Бул түштөн кийин үчтөрдө болгон иш.

Балдарына болушам деп сокку жеген эне улуу жаштагы оорулуу адам эле:

- Апам 70 ке чыккан, диабет, жүрөк оорусу менен каттоодо турчу, кан басымы да жогору эле. Облус ооруканасына баргандан кийин, эки күн жатып өлүп калды.

Мубарак Ибрагимова 1939-жылы туулган. Анын өлүмү тууралуу сөзгө коңшусу аралашып, алган жаратынан кете берди десе, Мутабар ал адам көтөргүс кайгыга чыдай алган жок деп эсептейт:

- Төшөктө жатчу. Жүрөгү жарылыптыр. (Ооруканада) тааныш бала бар эле, ал документин көргөздү, жүрөгү клапандан чыгып, жарылып кеткен.

Жер караган ата, жетим калган ымыркай

Энесинин өлүмү тууралуу сөздү кара фуфайке кийген Юсуф четте көңүл кош угуп турду. Мен ага түз кайрылганымда гана, «менин оюма да кызыккан киши бар экен го» деп таң калгандай жандана түштү. Анан кайра «мени укпай кетип калбасын» деп шашылгандай сүйлөп кирди:

Юсуф Ибрагимбеков: Келинчегимди зордукташты. Нары жакка алып барып, зордукташты. Балталары, бычак, автомат, тапанчалары бар экен.

"Азаттык:" Сиздин көзүңүзчө зордукташтыбы?

Юсуф Ибрагимбеков: Ооба, менин көз алдымда (зордошту). Кулагыңды кесебиз дешти.

"Азаттык:" Канча киши эле?

Юсуф Ибрагимбеков: - Көп, топ-топ болуп... Катынымдын бакырганын уктум.

"Азаттык:" Башында сиздин көзүңүзчө зордоп, анан ичке алып кириштиби?

Юсуф Ибрагимбеков: - Ооба, жылаңач бойдон.

Өңү кара-сур келген Юсуф бир караганда көптүн бириндей көрүнөт, бирок карындашы анын акыл-эси анчейин болуп калганын жашырган жок:

- Акем мээси кирди-чыкты болуп, башынан катуу запкы жеп калган, адашып сүйлөп калды. Кичине ичип алса, кызымы таап бер,- деп жанжал кылат. Аны жыйырма киши урган.

Июнда каза тапкан өзбектердин сүрөт тактасы, Нафисанын сүрөтү оңдогу тактада, өйдөкү сол бурчунда. Шарктагы лагер, октябр, 2010-жыл

Нафиса Алимжанова 1982-жылы Араванда туулган, бир эркек бир тууганы бар. Орто мектепти бүтүргөн. Күйөөсү да жогорку билими жок, жумушчу болгон.

Нафисанын сөөгүн көп айлардан кийин табышты. «Кылым шамынын» тизмесинде ал «ок тийип» өлгөн деп айтылат. Сөөгү Ошто коюлду. Мутабар Нафиса үй оокатын кылып, ыймандуу келин болгонун эскерди:

- Аравандан алганбыз. Алар бир кыз, бир уул болчу. Ата-энеси бар. Эки жыл болду келин болуп келгенине. Сулуу, мээнеткеч жакшы кыз эле. Араванда талаада иштешчү экен, козхозчунун кызы, окуган эмес. Акам кыш заводунда иштейт эле.

Келини жоголуп, энеси өлүп калгандан бир нече күн өтпөй, Мутабардын күйөөсү да киши колдуу болот:

- Баары бир айда болду. Өзүмүн күйөөмү да өлтүрүп кетишти. 22-июн күнү, ылдыйдагы станцияга, базарга түшүп баратканда союп кетишти, кулактарын, жыныс органын бычак менен кесишиптир, сегиз жеринен бычакталган. 23 июнда койдук.

Кол салууда үй менен кошо документтер бүт күйүп кеткен, ошондуктан

Юсуфтун кайра курулган үйү, оңдо. Феврал, 2011-жыл.

Мутабар Нафисанын ата-энеси каралашып жаткан агасынын кызын өзүнө жаздырып ала албай жүрөт.

Агасы саламаттыгына байланыштуу иштей албай калган, өзү жесир калган Мутабар турмуштан кыйналып, гумжардам да бүтүп калды деди, «менин арыз-муңумду ким укмак эле» дегендей бош айтты.

Ал чуркап жүрүп, акыры агасынын эки бөлмө үйүн салдырып бүтүрдү. Бирок бүгүн татынакай жаңы үйгө агасы бирде келсе бирде жок, күлү сапырылган очок өчкөн бойдон турат.

Видеодо: Юсуф Ибрагимов, Мутабар Юсупова




Сөз соңу


Бул түрмөктө келерки жолу 13-июн күнү Оштун чок ортосунда өзбектерге барымтага түшкөн 30 жаштагы кыргыз келиндин тагдыры тууралуу сөз болот.

Июндагы жаңжалда укук коргоочулар ондогон кыз-келиндин кордук көргөнүн айтышат. "Кылым шамы" уюму 60тан ашык зордуктоону каттаган, бул тизмеде курмандыктардын көбү - өзбектер.

Кыргыз улутундагы зордук көргөн кыз-келиндердин да өзүнчө тизмеси түзүлгөн.

Ал эми прокуратурада жаңжал мезгилдеги төрт зордуктоо боюнча гана кылмыш иши козголуп, анын бирөө гана сотко ашты.

Нафиса Алимжанова боюнча журналисттик иликтөөгө Эрнис Нурматов да катышты.

XS
SM
MD
LG