Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Иран полициясы элдик чыгуулардан чочулоодо


Иран оппозициясынын лидери Хусейн Мусавинин телефондору иштебей, полиция анын үйүн кайтарууга алды. Бул тууралуу оппозиционердин сайты кабарлайт. Бийликтин тыюу салуусуна карабай бүгүн Египет менен Тунистеги элдик көтөрүлүштөргө тилектештик иретинде демонстрация өткөрүлмөкчү. Мусави жана дагы бир оппозиционер Мехмед Карруби жүрүш өткөрүү уруксатын сураганда, ички иштер министрлиги оппозиция тарапкерлери өз тилектештигин өкмөт уюштурган иш-чарада билидришсин деп жооп берген. Бирок өздөрүн оппозиция менен байланыштырган топтор бүгүн баары бир көчөгө чыгууга ниеттенишүүдө.

XS
SM
MD
LG