Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Иран полициясы демонстранттарды газ атып кууду


Ирандын коопсуздук күчтөрү дүйшөмбү күнү (14-февралда) Тегерандын ар кайсы бөлүгүндө демонстрацияга чыккан адамдарды көздөн жаш агызчу газ атып таркатты. Оппозициянын жүздөгөн тарапкерлери Тунистеги жана Египеттеги элдик козголушту колдоп көчөгө чыгышты жана “Диктаторго өлүм!”-деп кыйкырып жатышты.

Жарым өкмөттүк маалымат булактары демонстранттарды таркатуу маалында бир адам ок жаңылып өлгөнүн кабарлашты. “Фарс” агенттигинин билдиришинче, окту тыйуу салынган “Элдик мужахиддин” уюмунун желдеттери аткан.

Нааразылык акциялары Исфахан, Шираз жана Керманшах шаарларында болду. АКШ ирандык демонстранттарды колдоду. Мамкатчы Хиллари Клинтон Вашингтондо сүйлөп, Иран бийликтерин өз жарандарына египтеттиктерге берилгендей эркиндик берүүгө чакырды: "“Мен Ирандын көчөлөрүнө чыккан адамдардын үмүт-тилектерин колдогонумду түз жана ачык билдиргим келет”.

XS
SM
MD
LG