Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

ЖККУ Кыргызстанга маңзатка каршы күрөштө жардам берет


15-февралда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Бишкекте Кыргызстандын вице-премьер-министри Шамил Атаханов менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Атаханов анда коопсуздук, коомдук тартипти сактоо, уюшма кылмыш топтор жана терроризмге каршы күрөшүүдө жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Бордюжа былтыр жайында Кыргызстандын түштүгүндө жана Тажикстандагы окуялардын бири-бири менен байланышы бар экенин, ЖККУ ушул багытта иш алып барышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда Маңзаттарга каршы күрөш боюнча агенттиктин кайра түзүлүшүн кубаттап, уюм бул жаатта колдоо көрсөтөт, деп айтты. ЖККУга мүчө башка мамлекеттердин окуу борборлорунда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин билимин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

ЖККУнун баш катчысы буга чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулады. 16-январда ал президент Роза Отунбаева менен жолугушат. (EBM)

XS
SM
MD
LG