Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

АКШ өкүлү балдарды эл аралык асыроого уруксат берүүгө үндөдү


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Сьюзен Жейкобс менен жолугушуп америкалык 65 үй-бүлөнүн Кыргызстандан бала асырап алуу боюнча берген арыздарына байланыштуу маселени талкуулады. Жейкобс бул маселе боюнча Кыргызстанга ушуну менен экинчи ирээт келип жатканын билдирди. Министр Казакбаев кыргыз тарап оорукчан, багар-көрөрү жок кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөрдүн асырап алышына жардам берүүгө даяр экенин айтты.

2009-жылы февралда кыргыз өкмөтү балдар мыйзамсыз жол менен чет өлкөлүк жарандарга берилип жатканын айтып, эл аралык асыроого тыюу салган.

2006-жылдан тарта эл аралык асыроо боюнча Билим берүү министрлиги алектенип, 230дан ашуун бала чет өлкөлүктөргө кеткен. 2008-жылдан бери кеминде 60тан ашуун бала чет өлкөлүктөрдүн, тактап айтканда америкалык үй-бүлөлөрдүн асырап алышын күтүп жатат. Алардын 30дан ашууну дарыланууга муктаж жана экөө жакында эле оорудан каза болуп калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG