Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

АКШ Мамкатчысы Ирандагы демонстранттарга колдоо көргөздү


Хиллари Клинтон Иранда кечээ көчөгө чыккандардын мүдөөсүнө колдоо көргөзүү менен Иран өкмөтүн Египеттин жолун жолдоп, ачыктыкты көргөзүүгө чакырды:

- Биз Иран элинин жалпы укуктарын колдойбуз. Алар Египеттен көрүшкөндөй укуктарга ээ болууга татыктуу. Бул алардын төрөлгөндөн берки укугунун бир бөлүгү.

Кечээ Иранда борбор Тегерандын жана башка шаарлардын көчөлөрүнө бийликтер тыюу салганына карабай, Тунис менен Египеттеги ыңкылаптарга тилектештик билдирип миңдеген адамдар чыккан. Тегеранда өкмөткө каршы ураан-чакырыктарды айткан демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Оппозициячыл интернет сайттар эки ортодогу кагылыштан жаракат алгандар бардыгын кабарлашты.

“Фарс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, кагылыш учурунда бир киши каза таап, бир нечеси жарадар болгон. Кечээги нааразылык Иранда акыркы бир жылдан ашуун убакыттан бери өкмөткө каршы өткөн алгачкы демонстрация болду.

XS
SM
MD
LG