Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

КТРК Байкоочу Кеңеши ЖК комитеттеринин кароосунда


Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине байланышкан маселени кароону Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети эртең улантат. Байкоочу кеңешти таратуу, курамын жаңылоо, катарына парламенттен өкүлдөрдү киргизүү демилгесин камтыган бул маселени Мамлекеттик мыйзамдуулук комитети карай элек. Маселе эки комитеттин кароосунан өткөндөн кийин парламент отурумуна сунушталары айтылууда.

Президентин парламенттеги өкүлү Аида Салянова Байкоочу кеңешин жоюу жол-жоболору эч жерде жазылбаганын, бул маселени кылдат иликтеп чыгуу керектигин айтып жатат. КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев Байкоочу кеңешти таратуунун зарылдыгы жоктугун билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG