Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Мурдагы Югославиядагы эски мазарларды ЮНЕСКО коргоого алат


Мурдагы Югославияга кирген төрт республика орто кылымдарга таандык 30 мазарды таш эстеликтери менен кошо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизүүнү сунуш кылышты. “22 көрүстөн Боснияда, Сербияда үчөө, Черногорияда үчөө жана Хорватияда экөө”,-деп билдирди Босния өкмөтүнүн мүчөсү Средойе Нович 15-февралда. Аталган төрт өлкөдө орто кылымдарга тиешелүүмүрзөлөргө коюлган 72 миңдей таш эскерткич бар. Алардын 60 миңдейи Боснияда, 4500дейи Хорватияда, 4 миңи Сербияда жана 3,5 миңдейи Черногорияда. “Стеччи” деп аталган таш эстеликтер түрдүү формада жана айрымдары бир нече тоннага чейин жетет.

XS
SM
MD
LG