Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

“Вышеград төртилтиги” президент Лукашенкону сындады


“Вышеград төртилтиги”, Германия жана Австрия адам укуктарын бузганы үчүн Беларус президенти Лукашенкону сындады. “Вышеград тобуна” Венгрия, Польша, Словакия, Чехия кирет. Алар Беларус бийликтерин бардык саясый туткундарды токтоосуз бошотууга чакырышты. Мындай билдирүү 15-февралда Братиславада өткөн жыйында кабыл алынды. Кайрылууга жыйынга катышкан Украинанын премьер-министри Микола Азаров кол койгон жок. Беларуста декабрда болгон шайлоодон кийинки нааразылык акциясы зобун-зомбулук менен тарткатылган. Евробиримдик ага жооп кылып, өткөн айда Лукашенко жана башка ырасмий адамдардын Биримдикке келүүсүнө кайра тыйуу салган.

XS
SM
MD
LG