Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Жарандык көзөмөл комитети парламентке кайрылды


Аталган комитеттин ЖК төрагасы жана парламенттин профилдик комитетине жолдогон кайрылуусунда Коомдук телеканалдын ишин көзөмөлгө алган Байкоочу кеңештин мүчөлөрү телеканалдын берүүлөрүн жакшыртууну гана көздөшөрү айтылган. Кайрылуу ээлери ошондой эле Байкоочу кеңештин мүчөлөрү бир дагы саясий партиянын катарында турбаганын баса белгилеп, ЖК депутаттарын Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин ишине кийлигишпөөгө чакырган. Алардын пикири боюнча Байкоочу кеңешке депутаттык фракциялардан жаңы мүчөлөрдү киргизүү ага саясий жарака алып келет, бул өз кезегинде Коомдук телеканалдын мазмунуна терс таасирин тийгизет деп белгилешет.

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши 2010-жылдын август айынан тартып ишке киришкен. Ал КТРКнын башкы директорун шайлап, орун басарларын дайындоого макулдугун берген.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине байланышкан маселени Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети кароодо. Байкоочу кеңешти таратуу, курамын жаңылоо, катарына парламенттен өкүлдөрдү киргизүү демилгесин камтыган бул маселе парламенттин Мамлекеттик мыйзамдуулук комитети да карагандан кийин парламент отурумуна сунушталары айтылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG