Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Айыл чарбасы үчүн насыя акча март айынан тартып бериле баштайт


Айыл чарба министри Төрөгул Бековдун кечээ парламентте билдиргени боюнча, 1 млрд. сом насыя акча беш банк аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында бериле баштайт. Анын айтуусунда, акча аймактарга айдоо аянттарына жараша бөлүнөт. Буга ылайык, Чүйлүк дыйкандарга 250 млн. сом, Ысык-Көл облусуна 126 млн. сом, Нарын облусуна -85 млн. сом, Таласка -87 млн. сом, Баткен облусуна -76,7 млн. сом, Жалал-Абад облусуна -280 млн. сом, Ош облусуна -175 млн. сом берилет. Мунун ичинен 25% буудай айдоого, 20% кант кызылчасын айдоого бөлүнгөн, андан кийин пахта, күн карама, картошка жана башка жашылча-жемиштерди айдоого каралган. Дыйкандарга берилүүчү насыя акчанын суммасы 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин. Насыя акча 9% үстөк менен берилет.

Айрым талдоочулар айыл чарбасы үчүн берилүүчү 1 млрд. сом насыя келерки жылдын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жетпей турганын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG