Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Нарынга жаңы губернатор дайындалды


Жаңы губернатор Канатбек Муратбековду парламенттеги социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков облустук администрациянын жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын массалык маалымат каражаттары менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Карасартова «Азаттыкка» маалымдады. Канатбек Муратбеков «Республика» партиясынын мүчөсү, ал буга чейин чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн.

Нарын облусунун мурунку губернатору Турдубек Мамбетов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынганын жаңы губернаторду тааныштырганы барган социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.(ElB;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG