Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” тобунун оор кылмышка шектелип жаткан кызматкерлеринин атайын операцияга салынышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул ишти тергөө Аскердик прокуратурага тапшырылды.
15-февралда Башкы прокуратура “Альфа” тобунун айыпталып жаткан кызматкерлерин атайын операцияга салынышы боюнча жооптуу УКМК экенин айтып билдирүү тараткан.
5-январда Бишкектен анча алыс эмес Беш-Күңгөй айылында террорчу деп шектелгендерге каршы атайын операция маалында альфачы Жеңишбек Бабараимов окко учкан. Кийинчерээк Бабараимов 7-апрелде Бишкекте тынч чогулган элге ок чыгарган деп айыпталып жаткан аскерлердин бири экени анык болгон.
12-февралда Бишкекте Башкы прокуратуранын жамааттык жыйынында президент Роза Отунбаева террорчуларга каршы атайын операцияга “Альфанын” айыпталып жаткан кызматкерлеринин тартылышы боюнча прокуратура кызматын кескин айыптаган болчу. (EBM)