Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Каптагаев ажылыкты мамлекет көзөмөлдөшү керек деп эсептейт


Бүгүн президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда ажылык сапарга байланыштуу суроого жооп берип, бул сапарды уюштуруу мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек деп билдирди. Зыяратчыларды Сауд Арапстанга Меккеге алып барып келүүдөгү кыңыр иштерге өзүнүн да, баласынын да тиешеси жок экенин айтты. Буга чейин парламенттин комитетинде ажылык сапар жабык талкууланган, анда бул ишке Каптагаевдин баласынын тишеси бар экени тууралуу сөз болгон.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети 1-февралда “Дин ишеним эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырган болчу. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, ажылык сапарды уюштурууга мамлекеттин кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Аталган мыйзам долбоор эми парламенттин кеңетилген жыйынына чыгарылганы турат.

Комитет жыйынында ажылык зыяратты мындан ары Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы же Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эмес, атайын агенттик түзүлүп, ошол аркылуу уюштуруу сунушу да айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG