Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Отунбаева: Чек ара коопсуздугу үчүн ЖККУдан жардам керек


Президент Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николой Бордюжа менен жолукту. Анда тараптар коопсуздук маселелерин талкуулады. Отунбаева мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча маселелерге токтолуп уюмдун чек арадагы аскерлер үчүн аскердик-техникалык жардамы маанилүү экенин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бордюжанын үч күндүк иш сапары бүгүн аяктайт, ал буга чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев, вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Виталий Орозалиев менен жолуккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG