Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Египеттеги толкундоолордо 365 жаран бейажал өлгөн


Египеттеги 25-январда башталган бийликке каршы толкундоолор учурунда кеминде 365 жаран набыт болгонун 16-февралда саламаттыкты сактоо министри билдирди. Ахмед Саме Фариддин сөзүнчө, 18 күндүк толкундоолор маалында абактагы тополоңдо өлгөн адамдар менен полициянын саны али тактала элек. Нааразылык акциялары 30 жыл президенттик кылган Хосни Мубаракты бийликтен шыпырып түшкөн. Өкмөттүк булактардын маалымдашынча, иш таштоолордон улам коомдук мектептер жана университеттер 27-февралга чейин жабык болот. Банктар ушу жекшемби күнү ачылууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG