Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Профсоюздар федерациясы ачык эшиктер күнүн өткөрөт


Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын борбордук аппараты 21-февралда «Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө» карата ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Иш-чаранын негизги максаты, социалдык теңсиздикти азайтуу, туруктуу жумушка колдоо көрсөттүү, адам укуктарынын тебеленишине каршы күрөшүү сыяктуу коомдук маанилүү факторлорду ачыкка чыгаруу. Ачык эшиктер күнүнө өкмөттүн өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелер жана шаар тургундары катышмакчы.

«Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн» белгилөө Бирикке улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы тарабынан 2007-жылы кабыл алынып, биринчи жолу 2009-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Иш-чара жылына бир жолу өткөрүлөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG