Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Беларуста оппозиция активисти сотко алынып келинди


28 жаштагы Василий Парфенков оппозициянын талаштуу президенттик шайлоодон кийинки массалык башаламандыкка катышты деп айтыпталган 40тан ашуун активистинин иши сотто карала баштаган алгачкы өкүлү. Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги полиция 19-декабрдагы нааразылык акциясына катышкандарды ур-токмокко алып, күч менен таратканына байланыштуу Беларус бийлигине каршы санкция киргизген. Вашингтон менен Брюссель 1994-жылдан бери бийликте турган Лукашенкону камактагылардын баарын бошотууга чакырган эле.

Массалык башаламандыкка катышканы үчүн айыпталып жаткан Парфенков сот күнөөлүү деп тапса, сегиз жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Ал эми калган айыпкерлер сотко качан алынып келинери азырынча белгисиз.

Бул аралыкта бүгүн Беларустун юстиция министрлиги оппозиция активисттерини коргоо менен алектенип жаткан төрт адвокатты “олуттуу эреже бузган” деген жүйөө мене ишттен четтетти. Министрликтин маалыматына караганда, эми алардын кардарларына укуктук колдоону мамлекет дайындаган адвокаттар көргөзүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG