Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Ливияда Каддафинин жактоочулары жыйналды


Борбор Триполиде жыйналган бир нече жүз адам мындай кадамы менен активисттердин Ливияда да “Кыжырдануу күнүн” өткөрүү боюнча чакырыгына каршылык билдиришти.

Жогорудагыдай чакырык Тунис менен Египетте президенттердин бийликтен кулашына алып барган элдик көтөрүлүштөрдүн артынан саясий башалмандыктардын толкуну араб дүйнөсүнүн бир нече өлкөлөрүн каптаган учурда активисттер тарабынан интернеттеги социалдык сайттар аркылуу жасалууда.

Ливияны 40 жылдан ашуун убакыттан бери башкарган Муаммар Каддафи - араб дүйнөсүнүн бийликте эң узак турган лидери. “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун билдиргенине караганда, бийликтер өкмөткө каршы нааразылык акцияларын даярдап жаткан 14 активистти кармаган жана азыр борбор Триполиде оппозиция демонстрациясынын кандайдыр бир белгиси байкалбайт.

Бул аралыкта Ливиянын “Quryna” гезити кечээ ал-Байда деген шаардагы кагылыштан кеминде эки адам каза тапканын, бул окуяга байланыштуу коопсуздукту тейлеген аймактык жетекчи иштен алынганын жазып чыкты.

Ал эми оппозициянын интернет сайтынын маалыматына караганда, Ливиянын экинчи ири шаары Бенгазиде демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан кеминде алты адам каза тапкан.

Бирок “Al Youm” сайтынын маалыматында алар бүгүнкү же кечээки кагылыштан каза тапканы так көргөзүлгөн эмес. Бул сайт ошондой эле бүгүн Ливиянын деңиз жээгиндеги Дарна шаарында өкмөткө каршы ири демонстрация болгонун да кабарлады.

XS
SM
MD
LG