Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Роза Отунбаева АКШнын сыйлыгы менен сыйланаары айтылууда


Бишкектик “Акипресс” маалымат агенттиги Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Эл аралык “Каарман аялдар” сыйлыгына татыганы туралуу маалыматты 17-февралда жарыялады.
АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын ыйгарчу бул сыйлыкты, алдын-ала маалыматтар боюнча, АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 8-март күнү Вашингтондо тапшыруусу күтүлөт.
Сыйлык тийешелүү талапкерге аялдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо ишине кошкон салымы, үй-бүлөдөгү зомбулук, адамдарды сатууга жана өкмөттөгү коррупцияга каршы жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыйгарылат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин тийиштүү бөлүмүнө бейшембиде кайрылганыбызда, алар быйылкы сыйлык ээлери тууралуу комментарий берүүдөн азырынча карманып турууну эп көрөөрүн билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG