Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Манамада Бахрейн армиясы бийлөөдө


Бахрейн армиясы өлкө бобору Манаманын негизги бөлүктөрүндө көзөмөл орнотту жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн жыйындарга тыюу салынганын 17-февралда жарыя кылды. Манаманын ортолугундагы Зумурут аянтын 15-февралдан бери өкмөттү демократиялык өзгөрүүлөргө чакырган демонстранттар ээлеп жаткан. Аянтты тазалоо учурундагы тирешүүдө 4 киши өлүп, 150дөй адам жарадар болгону маалымдалды.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 17-февралдагы кайрылуусунда Бахрейндеги кагылыштарга “терең тынчсызданганын” айтып, регион лидерлерин реформага барууга үндөдү:

- Көптөгөн жаштар өздөрүнө татыктуу жумуштарга катыша албаганына канааттанбай жүрүшөт. Сөз эркиндиги, жыйналуу эркиндиги, байланыш эркиндиги толук калыбына келтирилүүгө тийиш. Бул укуктар региондо чанылып келген. Мунун сабагынан лидерлер үйрөнүшү жана мүмкүн болушунча тез өзгөртүүгө аракет кылышы шарт.

XS
SM
MD
LG