Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Өкмөт бааларды марттын аягына чейин арзандатуусу тийиш


Негизги азык-түлүктүн баалары март айынын аягына чейин арзандатылышы керек деген талапты кечээ парламент депутаттары өкмөткө коюшту. ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков эгер марттын аягына чейин ун, нан, эт, май жана кумшекердин баасы арзандабаса, өкмөт депутаттардын эле эмес, жалпы элдин алдында жооп берерин эскертти.

Айыл чарба министри Төрөгул Беков негизги азык-түлүккө болгон баа дагы кымбатташы күтүлүп жатканын кабарлады.

Жогорку Кеңеш 16-февралдагы пленардык отурумунда азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча кыргыз өкмөтүнүн маалыматын укту. Эми парламент азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын 31-марттагы жалпы пленардык отурумунда укмак болду. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG