Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Баткен губернаторунун орун басары алмашты


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Карамат Орозова облус губернаторунун 1-орун басары болуп дайындалды. Ал эми буга чейинки 1-орун басар Абдибакир Имаров өз арызына ылайык кызматтан бошотулду деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Карамат Орозова апрель окуясынан кийин Баткен облусун жетектеген, кийин социалдык камсыздандыруу боюнча агенттик башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп туруп, парламенттик шайлоодо депутаттыкка ат салышуу үчүн бул кызматын өткөрүп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG