Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

АКШ өкмөтү Ош облусундагы ооруканаларга жардам берүүдө


АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кэри Гордон мырза бүгүн АКШ өкмөтүнүн атынан Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөтмөкчү.

АКШ өкмөтү Ош облусундагы ооруканаларга гуманитардык жардам катары берип аткан медициналык керек-жарактардын жалпы наркы 217 миң 525 долларга бааланат. Ал жабдыктарга ЭКГ аппараттары, глюкометрлер, стетоскоптор, ийнелер ж.б. кирет. Бытыркы июнь окуяларынан бери АКШнын ишкерлери колдогон ушул эле программанын алкагында, Ош жана Жалал-Абад облусунун ооруканаларына жалпы баасы 1 миллион 629 миң 577 долларлык жардамдар берилген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG