Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Иранда кыргызстандык 48 жаран жашайт


Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин маалыматына ылайык, азырынча алардан мекенине кайтып кетүү боюнча суроо-талаптар боло элек, ошондой эле өлкөдөгү кырдаалдын курчушунан улам жабыркагандар катталган жок. Кыргыз элчилиги мекендештери менен байланышып, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, кыргызстандык жарандар өздөрү жашаган аймакта кырдаал катуу курчуп кетсе, бул тууралуу элчиликке билдире алышат. Ирандагы кыргыз дипломаттары Кыргызстандагы Иран менен байланышы бар жарандарды да бул өлкөдө кырдаал турукташмайынча ар кандай сапарларын токтото туруусун өтүнгөн.

Апта башында Египет менен Тунистеги элдик көтөрүлүштөргө тилектештик иретинде өткөрүлгөн акцияны полиция кууп тараткан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG