Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Президент Таласта “Манас ордого” барды


Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президент Роза Отунбаева “Манас ордо” улуттук комплексинде болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Айкөл Манастын арбагына багышталып куран окулгандан кийин мамлекет башчысы “Манас” эпосуна арналган мамлекеттик музейде өтүп жаткан үйлөнүү той аземине катышып, жаш жубайларга нике күбөлүгүн тапшырып, аларга каалоо айтты. Президенттин облустун аксакалдары жана манасчылар менен жолугушуусу “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталды.

Ошондой эле президент “Манас” эпосун адамзаттын руханий мурастарынын шедеври катары таануу жөнүндө ЮНЕСКОнун сертификатын көрүнүктүү коомдук ишмер, “Манас ордо” комплексин түзүүнүн демилгечилеринин бири Бексултан Жакиевге тапшырды.

Айта кетсек, “Манас” эпосуна арналган мамлекеттик музей 1995-жылы курулган. 2001-жылдын 24-мартында президентинин жарлыгы менен “Манас ордо” комплекси өкмөттүн алдындагы Улуттук “Манас ордо” комплекси болуп кайра түзүлгөн. Комплекс Талас шаарынан 13 км аралыкта жайгашып, анын жалпы аянты 225 гектарды түзөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG