Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Атаандаш парламент өлкөнү өнүктүрүү планын сунуштайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаңы эле түзүлгөн атаандаш парламенттин төрагасы, “Замандаш” партиясынын лидери Муктарбек Өмүракунов билдирди. Анын айтымында, азыркы коалициялык өкмөткө шайлоочулардын 20 пайыздайы добуш берди. Калган добуштарды шайлоодо чектен өтө албай калган партиялар алган. Андыктан шайлоодо өтпөй калган партиялардан куралган атаандаш парламент менен өкмөт, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү пландар менен чыгууга көбүрөөк акылуу. М.Өмүракуновдун айтымында, алар мурдагы оппозиционерлерден айырмаланып, митинг-пикеттерди уюштуруунун ордуна сунуштар менен чыгып турушмакчы.

Жаңы түзүлгөн атаандаш өкмөттүн жетекчиси “Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов болду. Маалыматка ылайык, калган орундар сынактын негизде бөлүнмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG