Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Иран: оппозиция лидерлерин жоопко тартуу талап кылынды


Жума намаздан кийин көчөгө агылган миңдеген адам оппозиция башчылары "Мир Хусейн Мусави менен Мехди Карубиге өлүм!" деп кыйкырып жатышты. 14-февралда оппозиция тарап өкмөткө каршы демонстрацияга он миңдеген тарапкерин чыгарган. Ал күнкү кагылышуудан эки киши мерт болгон. Оппозиция лидерлери Мусави менен Каруби ошондон бери үй камакта, Ирандын Жогорку Соту аларга каршы тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

XS
SM
MD
LG