Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Жакынкы Чыгыш толкундоолор жана жыйындар кучагында


Тестиер кыз "Тахрир" аянтында жума намазга катышууда. Анын артында танк турат. Каир, Мысыр. 2011-жылдын 18-февралы. REUTERS/Suhaib Salem.
Тестиер кыз "Тахрир" аянтында жума намазга катышууда. Анын артында танк турат. Каир, Мысыр. 2011-жылдын 18-февралы. REUTERS/Suhaib Salem.

Бүгүн (18-февралда) Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдө ар кыл жыйындар өтүүдө. Ливияда Муаммар Каддафинин режимине каршы нааразылык жыйындары өтүп жатат. Бахрейнде демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусу маалында набыт болгондордун сөөгү жерге берилди. Египетте мурдагы президент Мубарактын бийликтен кетирилишинин бир жумалыгы белгиленүүдө.


Ливия

Ливия Араб Жамахириясында жума күнү (18-февралда) да элдик толкундоолор улантылып жатат. Негизги нааразылык жыйындары өлкөнүн чыгышындагы Бенгази шаарында өтүүдө.

Бейшембиде (17-февралда) Бенгази, ал-Байдаа жана башка айрым шаарларда “Кыжырдануу күнү” деген иш-чара өткөрүлдү.

Анын катышуучулары өлкөнү кырк жылдан ашуун убакыттан бери бийлеп келе жаткан Муаммар Каддафинин кызматтан кетүүсүн талап кылып: “Эл полковникти кулатууну көздөйт!” деп ураан чакырышты.

Маалыматтарга караганда, бейшембиде Ливия полициясы нааразы демонстранттарга ок атып, көптөгөн кишилер набыт болгон.

Башкеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Хюман Райтч Уотч укук коргоо уюмунун маалымдашынча, бейшембидеги Ливиядагы кагылышуулар маалында бери дегенде 24 киши набыт болгон.

Маселен, 17-февралда Бенгази шаарынын ооруканасына бери дегенде он кишинин сөөгү жеткирилгени маалымдалды.

Отуздан ашуун киши жаракат алганы, айрым оппозициячыл лидерлер камакка алынганы да кабарланууда.

Ал эми 16-февралда Ливия лидери Муаммар Каддафи сыналгыдан улутка кайрылып, өзү жетектеген “ыңкылап” жеңилбей турганын, “Кошмо Штаттар менен сионисттердин куйруктары” деп өзү атаган күчтөр эч качан жеңе албастыгын айтты, бирок өлкөдөгү соңку тополоңдор тууралуу ооз ачкан жок.

Йемен

Бүгүн дагы бир арап өлкөсү Йеменде да нааразылык жыйындары улантылды.

17-февралда өлкө борбору Санаада миңдеген кишилер катышкан нааразылык жыйынын полиция күч менен таркатты. Бейшембидеги кагылышууда 25 чакты адам жарадар болгону кабарланды.

Йемендин Аден порт-шаарында да бейшембидеги тынч демонстрацияны таркатуу маалында полициянын огунан бир киши набыт болуп, 10 киши жараат алды.


Бахрейн

Перс булуңундагы Бахрейн падышалыгында болсо жума күнү (18-февралда) алдыңкы күнү өкмөттүк күчтөр менен кагылышуу маалында набыт болгондордун сөөгү жерге берилди. Бул кагылышууда төрт киши өмүрүнөн ажыраган.

Сөөк коюу жөрөлгөсүнө катышкандар өкмөткө каршы ураан чакырганы кабардалды. Ал эми Бахрейндин ордо шаары Манаманын башкы көчөлөрүндө танктар жана башка аскер унаалары көзөмөл кылууда.

Айрым байкоочулардын айтымында, Бахрейндеги азганактай сунни араптардын бийлигинин тополоңду басуу үчүн аскер күчүн колдонушу калайыктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийи араптардын болочоктогу чыгууларына шылтоо болушу ажеп эмес.

АКШ президенти Барак Обама 18-февралда билдирүү жарыялап, Бахрейн, Ливия жана Йеменде зомбулук аракеттеринин орун алганына терең тынчсызданганын айтты.

Билдирүүдө "Америка Кошмо Штаттары Бахрейн, Ливия жана Йемендин өкмөттөрүн тынч жыйындарга сабырдуу мамиле кылууга жана өз элдеринин укуктарын кадырлоого чакырат" деген саптар бар.


Египет (Мысыр)

Мындан бир апта мурда элдик ыңкылап жеңип, президент Хосни Мубарак кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

18-февралда ордо шаар Каирдин “Тахрир” аянтына чогулган он миңдеген калайык жума намазга жыгылып, элдик жеңиштин бир апталыгын чогуу белгилешти.

Жалпысынан, он миңдеген кишилер топтогон “Тахрир” аянтында жана башка шаарлардын аянттарында майрамдык шаани өкүм сүрүп жатканы кабардалууда.

Жума күнү “Жеңиш жүрүшүн” уюштурган Мысырдагы демократиячыл күчтөр убактылуу аскердик бийликтен реформаларды улантууну талап кылышууда.

Мысырдагы таасирдүү диниятчы, шейх Йусуф ал-Карадави “араб дүйнөсү өзгөрдү, эми анын лидерлери өз элин угууга тийиш” деп айтты.

Шейх Карадави утурумдук аскер бийлигин Мубарак түзгөн учурдагы өкмөттү кетирип, ордуна жаңы убактылуу өкмөт түзүүгө чакырды.

Карадави, ошондой эле, өлкөдөгү саясий себептер менен мурдатан камакта жаткандарды бүт бошотууга чакырды.

Мысырдык айым мурдагы президент Мубарактын сүрөтү бар гезит менен күн нурунан калкаланып, элдик майрамга катышууда. "Тахрир" аянты, Каир. 2011-жылдын 18-февралы. AFP.
Мурдагы президент Хосни Мубарак ушул тапта Шарм аш-Шейх курорт шаарында кала берип жатканы кабардалууда.

Бейшембиде аскердик бийлик Мубарактын мурдагы өкмөтүнө мүчө болгон үч аткаминерди коррупцияга байланыштуу камакка алды.

Ал эми камалгандар өздөрүнө карата доону четке кагышты.

Оппозициячыл саясатчылардын бири, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мохаммед ал-Барадейи реформаларды чечкиндүү жүргүзүү үчүн египеттик коомчулук утурумдук аскердик бийликке ырааттуу кысым көрсөтүүсү абзел деген пикирин Би-Би-Сиге курган маегинде айтты.

Тасма баян. Мысырда 18-февралдагы "Жеңиш жүрүшү".

Мысырда “Жеңиш жүрүшү”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00
Түз линк


Он миңдеген египеттиктер бүгүн Каирдин “Тахрир” аянтында 11-февралдагы мурдагы президент Х.Мубарактын кызматтан кетишинин 7 күндүгүн майрамдап, “Жеңиш жүрүшүн” уюштурушту. Шейх Йусуф ал-Карадави элди ынтымакка чакырды. 18.02.2011. Reuters.

XS
SM
MD
LG