Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

АКШнын Транзиттик борборун кара май менен камсыздоочу кыргыз-орус ишканасы түзүлдү


“Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан” деп аталган биргелешкен кыргыз-орус ишканасын түзүү тууралуу келишимге бүгүн Бишкекте кол коюлду. Документке кыргызстандык май куюучу "Манас" комплекси жана орусиялык “Газпромнефть-Аэро” компаниясы кол коюшту. Ушул айдын башында кыргыз тарап АКШ өкүлдөрү менен Транзиттик борбордун кара майга муктаждыгынын 50%ын Кыргызстан тандаган ишкана камсыздайт деп макулдашкан. Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов биргелешкен ишкананын 51 пайызы Орусия тараптыкы, 49 пайызы Кыргызстан тараптыкы боло турганын маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG