Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Бахрейнде аскерлер демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ чачты


Коопсуздук күчтөрү асманга ок аткылап, өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккан миңдеген адамдарды жолдо катары менен тизилген аскерлер тосуп алды. Бахрейнде набыт болгон демонстранттар тажыясына миңдеген адам чогулган. Бейшембиде Манамадагы борбордук аянтта жүздөгөн демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылыша кетип, төрт киши набыт болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Калкынын 70%дайын шийи мусулмандары түзгөн өлкөнү суннилер монархиясы башкарат. Батыш мамлекеттери АКШнын деңиз аскер базасы жайгашкан Бахрейндин өкмөтүн демонстранттарга мыйзам чегинде мамиле кылууга үндөп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG