Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Январда бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү азайган


Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ушул жылдын январь айында атайын каражаттарды кошпогондо бюджетке 3 миллиард 292 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул пландалган каражаттын 83,6 пайызын түзөөрү маалым болду. Бир айда бюджетке түшкөн каражаттын 50 пайыздан ашыгы салык кызматынан, 34 пайыздайы бажы кызматынан келген.

2011-жылдын январь айына карата бюджеттин чыгаша бөлүгү 3 миллиард 514 миллион сомго барабар болду. Былтыркы жылга салыштырмалуу бюджеттин чыгашасы 849,3 миллион сомго же 19,5 пайызга төмөндөдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG