Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

АКШ жөөт конуштарын айыптаган резолюцияга вето салды


Палестин аймактарында жөөт конуштарын тургузууну “мыйзамсыз” көрүнүш деп айыптаган резолюцияга АКШ вето салды. БУУнун Коопсуздук кеңешинде колго салынган документти калган 14 өлкө колдоду.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сьюзан Райстын айтымында, вето – Вашингтон жөөт курулуштарын колдойт дегенди билдирбейт. "Резолюция палестиндер менен Израиль ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жанданттуу аракеттерине залакасын тийгизет эле",-деп түшүндүрдү элчи.
Британиянын өкүлү Марк Лайл Грант Лондон, Париж жана Берлиндин атынан сүйлөп, Иордан дарыясынын Батыш жээгинде конуштарды тургузууну айыптады. Палестина лидерлери вето Израилдин өз милдеттенмелерин аткарбоосуна шарт түзүп, тынчтык процессине терс таасир тийгизди деп эсептейт. Телавив Вашингтондун чечимин кубаттаарын жана жогору бааларын билдирди. Бул – Обама администрациясынын алгачкы ветосу.

XS
SM
MD
LG