"Чоң жыйырманын" каржы министрлери менен банк жетекчилери Париждеги жыйында азык-түлүк жана чийки заттарга болгон баалардын өсүшүн талкуулашат. Дүйнөлүк банк ушул аптада жарыялаган докладында негизги тамак-аштын кымбатташы Жакынкы Чыгыштагы элдик толкундоолорго түрткү берген факторлордун бири болгонун белгилейт. Азык-түлүк жана Айыл чарба уюму январь айында азык-түлүк баалары рекорддук чекке жеткенин маалымдаган. Министрлер ошондой эле соода жана валюта маселелерин сөз кылышмакчы.