Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Йеменде, Мароккодо нааразылык акциялары уланууда


Йемендин баш калаасы Санада 3 миңдей студент чогулуп, президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылды. Ибб, Таиз деген шаарларда да Салехке каршы миңдеген киши катышкан демонстрациялар болду. Президент оппозициячыл партияларды өкмөт менен диалог түзүүгө чакырды.

Мароккодо миңдеген демонстрант падыша Мохаммедден айрым бийлик ыйгарымдарынан баш тартып, өкмөттү алмаштырууну жана коррупция менен күрөшүүнү талап кылды.

Кечээки жүрүшкө 3 миңден 5 миңге чейинки санда киши катышкандыгы айтылууда. Уюштуруучулар парламенттин алдында 20 миң киши чогулду деп ырастады.

XS
SM
MD
LG