Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Бахрейнде миңдеген демонстрант таркай элек


Демонстранттар түндү Манаманын борбордук аянтында өткөрүп жатышат. Оппозициячыл топтор улуттук диалогго чакырышты. Бирок өлкөнүн негизги шийит Вефак блогу диалогдон баш тартууда. Блоктун баш катчысы Али Салман шейх алардын шарты аткарылмайынча сүйлөшүүгө барбай тургандыктарын билдирип, демонстранттарга бул сөздөр менен кайрылды:

– Бул тынч акция. Биз демонстрацияларды тынч өткөрүүгө ниеттүүбүз. Мындай акция Тунисте да, Египетте да өз жемишин берди. Силер башкаларга үлгү болуп жатасыңар. Азыр бүт дүйнө силерди карап турат. Тунистеги Тахрир аянтындагылардай, бул тынчтык мүнөздөгү нааразылык билдирүүнүн жана кан төгүүсүз талап коюнун жаңы мектеби болуп калмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG