Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Санпа окуясы боюнча сот уланат


15-февралга белгиленген сот жараяны чакырылган күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган. Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанындагы адам өлтүрүү, башаламандык уюштуруу боюнча Сузак райондук соту чыгарган чечимге нааразы тараптын апелляциялык арызы Жалал-Абад облустук сотунда каралууда. Жабырлануучулардын жана соттолуучулардын адвокаттары бул окуя боюнча облус губернатору Бектур Асановдун, июнь коогалаңы тушунда облуста коменданттык кылган, азыркы баш прокурор Кубатбек Байболовдун көрсөтмө берүүсүн талап кылышып, бул боюнча сотко өтүнүч келтиришкен.

2010-жылдын 13-июнунда Сузак районундагы пахта иштетүүчү Санпа заводунун жанына 500 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. 16 адам оор жаракат алган, он чакты автоунаа өрттөлгөн. Бул иш боюнча он тогуз кишиге айып тагылып, Сузак райондук соту тарабынан алардын он жетиси өмүр бою, калган экөө 25 жылга эркинен ажыратылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG