Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Бахрейнде кайрадан демонстранттар жыйналды


Борбор Манаманын башкы аянтына жайгашып алган 10 миңдей демонстрант сунит династиясы башкарган өлкөдө калктын көпчүлүгүн түзгөн шийиттердин укуктары кеңейтилип, жаңы өкмөт түзүлүүсүн талап кылууда. Демонстранттар арасындагы бир жарым миңдей мугалим иш ташташканын жарыялашты.

Оппозиция Бахрейн нукура конституциялык монархияга айланып, жарандар өкмөттү тикелей шайлоо ишине көбүрөөк аралашуусу керек деп эсептөөдө.

Падыша Хамад бин Иса ал-Халифа өз уулу, мураскер ханзаадага тараптардын баары менен сүйлөшүү жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөт менен анын оппоненттеринин диалогуна АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министри колдоо көргөздү.

Бахрейн - Перси булуңунда, аралда жайгашкан кичинекей мамлекет. Ал жерде АКШнын бешинчи флоту жайгашкан. Демонстранттар борбор Манаманын башкы аянтын ээлеп турганына бир апта болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG