Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Йемен президенти шайлоодо жеңилсе гана кетет


Бийликте 1978-жылдан бери турган Али Абдулла Салех бул тууралуу бүгүн кабарчыларга демонстранттар анын кызматтан кетишин утур-утур талап кылып жаткан учурда айтты. Мурдараак ал 2013-жылы, азыркы бийлик мөөнөтү аяктаганда кайра шайлоого барбоону убада кылган болчу.

Борбордо, Сана университетинин жанында бүгүн президенттин кетишин талап кылган миңдеген адам кайрадан жыйналды. Ал эми түштүктөгү Аден шаарында коопсуздук күчтөрү бир демонстрантты өлтүрүп, төртөөсүн жарадар кылды. Муну менен Йеменде башаламандыктар башталгандан бери өлгөндөрдүн саны 12ге жетти. Президенттин кызматтан кетишин талап кылган демонстрация бүгүн Алжирде да өтүүдө.

XS
SM
MD
LG