Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 18:12

Мароккодогу тополоңдо беш адам өлдү


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн ички иштер министрлиги билдирди. Кечээ бул өлкөдө да көчөгө чыккан демонстранттар падыша Мохаммедден бийликти бөлүшүүнү, өкмөттү таратууну, коррупцияны ооздуктоону талап кылышкан. Байкоочулардын баамында 3-5 миң адам катышкан кечээги демонстрация Марокко да соңку күндөрү Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүн каптаган элдик толкундоолордун кучагына киргенин ишара кылды.

Ички иштер министри Таиб Ширкауинин айтымында, кечээ демонстрацияны коштогон тополоң учурунда өрттөлгөн банктан беш адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле 100дей киши жарадар болгон, коопсуздук күчтөрү тартип бузду деп эсептелген 120дай кишини камакка алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG