Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Горбачев Путиндин шайлоо планын сынга алды


Мурдагы советтик лидер бүгүн Владимир Путин менен катар Орусиянын азыркы президенти Дмитрий Медведевди шайлоого кимиси катышарын өз ара сүйлөшүп чечерин айтуу менен “текебердик” кылып жатканы үчүн сынга алды.

Путин менен Медведев 2012-жылдын мартындагы шайлоого кимиси барарын өздөрү ич ара сүйлөшүп чечишерин буга чейин бир нече ирет билдиришкен.

Бирок азыркы премьер-министр менен президент бул маселени качан чечишерин айтыша элек. Келерки айда 80 жашка толуп жаткан Михаил Горбачев маалымат каражаттарында мындай чечимдер демократиянын баардык нормаларына каршы экенин белгилөө менен Орусиянын учурдагы саясий багытын да сынга алууда.

XS
SM
MD
LG